Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бир айга камалды.
Мындай чечим бүгүн, 4-июнда Октябрь райондук соту тарабынан кабыл алынды.
Соттун чечимине ылайык, Алымкадыр Бейшеналиев 2-июлга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камалды.
Эске салсак, 2-июнда Алымкадыр Бейшеналиевге Башкы прокуратура тарабынан 7 кылмыш иши козголуп, кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн