Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмне үчүн мурдагы орун басарлары Нурболот Усөнбаев менен Мадамин Каратаевди кызматтан бошотконун айтты. Бул тууралуу ал бүгүнкү маалымат жыйынында журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
"Өзүңүздөр билгендей мен 5-6 айдан бери бош убактым жок ары-бери чуркап иштеп жатам. Мен реформа жасоо үчүн жана элдин саламаттыгына кам көрүү үчүн иштейм. А мен иштеп жатканда орун басарларымдын дем алып жатканы туура эмес. Ошондуктан менин командам мага жардам бербесе, жаңы дайындалган орун басарларды да кызматтан бошотом",- деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн