Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кызматтан кетүү мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып берди. Бул тууралуу ал "Кактус.медиа" редакциясына билдирген.
Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги келишпестик дароо жоюлду.
"Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары маалымат жыйын өткөрүп, жетекчисине карата нааразычылык билдиргенине байланыштуу маселе окуядан кийин дароо эле чечилди.
Биз эки тарап менен дагы сүйлөшүп борбордук аппараттын иши үзгүлтүккө учурабашы керектигин эскерттик.
Алымкадыр Бейшеналиевдин кызматтан кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Ал өзү дагы айтып жүрөт. Бирок биз президент алдыбызга койгон маселени кызматтан кетирүү менен эмес, иш жүзүндө чечүүгө аракет кылабыз",- деди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн