Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:50
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Алымкадыр Бейшеналиев "Ысык-Көл тамырын" түз эфирде ичип көрсөттү

16.04.2021 14:21
933
Алымкадыр Бейшеналиев "Ысык-Көл тамырын" түз эфирде ичип көрсөттү


Бүгүн, 16-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы “Ысык-Көл тамыры” аталышындагы  уу коргошунду маалымат жыйынында камера алдында ичти.


Ага 15 күндөн бери президент Садыр Жапаров өзү кандай даярдаш керек экенин көрсөтүп берген.


Уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөн.


Президент Садыр Жапаров кечээ социалдык тармакта дарыгерлер бир же эки күндүн ичинде коронавирустан айыктыра турган дары табышканын жазган эле.


“2020-жылы 2-мартта Садыр Жапаров экс-президент Сооронбай Жээнбековго кат жазган. «Учурда коронавирус оорусу менен ооруп жатышат. Ошол ооруну токтотуш үчүн кыргыз эли кылымдардан бери колдонуп келе жаткан уу коргошунду берсек айыгышат» деген. Оорулар токтойт деген. Бирок ал кездеги президентибиз ал катты окуп да койбоптур.


Жапаров мага кайрылып, “туугандарымды уу коргошун менен айыктырдым, сен дагы берип көрбөйсүңбү” деген. Мен анда катардагы дарыгер элем. Мен дагы туугандарыма берип аларды айыктырдым. Мен Жапаровго уу коргошундун дозасын даярдап берүүсүн айттым. Себеби анын атасы көп жылдан бери салттуу медицина менен алектенген адам экен. Баласына, Садыр Жапаровго кандай дозада даярдаганда адамга пайда келтирерин үйрөтүп кетиптир. 15 күндөн бери Жапаров өзү бизге кандай даярдаш керектигин көрсөттү”, — дейт министр.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн