Бугу 05, 2024
Убакыт: 14:11
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Алымкадыр Бейшеналиев таластыктардан кечирим сурады

07.02.2022 08:50
4144
Алымкадыр Бейшеналиев таластыктардан кечирим сурады

Бүгүн, 7-февралда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радионун" эфиринде Талас облусунун тургундарынан кечирим сурады.


Анын айтымында, интернетке тараган видеодо министрдин таластыктар тууралуу айткан пикири толук чагылдырылган эмес.


"Бишкек Травматология жана Ортопедия улуттук илим изилдөө борборунун дарыгерлери менен жолугушуу учурунда таластыктар тууралуу айткан сөзүм толук чагылдырылган эмес. Ал жерде жалаң башчылыктарга Жумабековдун жердештери, туугандары отуруп алган. Сөзүм бир жактуу болуп тарагандыктан мен Талас элинен кечирим сурайм",- деди министр.


Мындан сырткары, ал Травматология жана Ортопедия улуттук илим изилдөө борборун реформалоодо элге пайда болорун кошумчалады.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн