Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурага таянып, "Кактус.медиа" редакциясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Алымкадыр Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы 48 саат ичинде аныкталат.
Эске салсак, 2-июнда Алымкадыр Бейшеналиевге 7 кылмыш иши козголуп Башкы прокуратура жана УКМК тарабынан кармалган. Ошондой эле министр менен кошо 3 жетекчи да кармалганы белгилүү болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн