Кыргызстанда уу коргошун чөбүнөн жасалган суюктукту коронавирусту дарылоодо колдонуп баштады. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлиги Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, суюктукту Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаров менен бирге кайнатышат.
«Анын ден-соолукка зыяны жок. Ысык учурунда ичиш керек. 2-3 күндүн ичинде анализи таза чыгып, ковидден сакайып кетет. Аны биз бейтаптарга дагы берип жатабыз. Бейтап ичип жатканда дарыгер алдында олтурат», — дейт ал.
Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, уу коргошунду коронавирусту дарылоочу 5-протоколго киргизүү каралууда. Ал эми ал суюктукту бүгүн министр өзү түз эфирде ичип көрсөтмөкчү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн