Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 01:55
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Алымкадыр Бейшеналиев жабууга аракет кылган медициналык окуу жайлар эмне үчүн иштеп жатканы белгилүү болду

16.08.2022 17:39
546
Алымкадыр Бейшеналиев жабууга аракет кылган медициналык окуу жайлар эмне үчүн иштеп жатканы белгилүү болду

Алымкадыр Бейшеналиевдин медициналык колледждерди жаап, жеке менчик жогорку окуу жайлардын №6 формасын артка чакыртып алуу тууралуу чыгарган буйругу мыйзамсыз болгон. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.



"Бейшеналиев медициналык окуу жайларды жапканы тууралуу катуу билдирүү жасаган. Бирок иш жүзүндө ал жапкан эмес, артка чакыртууга мүмкүн болбогон лицензиянын №6 формасын жокко чыгарган. Анан окуу жайлар чекеден сотко берип, утуп чыгып жатты. Алар финансылык мүмкүнчүлүктөн кол жууп жатканы тууралуу конкреттүү дооматтарын коюшту. Себеби абитуриенттерди кабыл алуу кампаниясы башталган учурга туш келген", — деди Касымбеков.


Мындан улам ал ыкчам түрдө комиссия түзүп, жалпы бир чечимге келишкенин белгиледи. Натыйжада Бейшеналиевдин эки буйругу жокко чыгарылган. Учурда медициналык жогорку окуу жайлар кабыл алуу кампаниясын тоскоолдуксуз жүргүзүүдө.

Касымбеков бул менчик окуу жайлардагы билим берүүнүн сапатына көзөмөл экинчи планга коюлуп калганын түшүндүрбөй турганын эскертти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн