Бугу 23, 2025
Убакыт: 19:18
USD
87.30
87.80
EUR
98.60
99.60
RUB
1.095
1.125

Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова кармалды

17.05.2022 19:12
482
Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова кармалды

Бүгүн, 17-майда, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин  басма сөз кызматы билдирди.


Жүргүзүлүп жаткан ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында 1993-жылдын 3-сентябрында туулган Мээрим Тилекованын жашаган жери аныкталып, кармалды.


Тилекова Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (“Опузалап пара алуу”) негизинде тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилди.


Учурда тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн