Алымкадыр Бейшеналиевдин ордуна азырынча эч ким министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалбайт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов АКИпресс агенттигине билдирген.
Анын айтымында, азырынча Бейшеналиевдин ордуна эч ким дайындалбайт.
"Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кармалышына байланыштуу анын ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп эч ким дайындалбайт. Анткени азырынча Бейшеналиевге карата сот өкүмү угузула элек",- деди Байсалов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн