Бугу 20, 2024
Убакыт: 23:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Алымкадыр Бейшеналиевдин орун басарлары аны кызматтан бошотууну талап кылышты

16.05.2022 18:05
2644
Алымкадыр Бейшеналиевдин орун басарлары аны кызматтан бошотууну талап кылышты

Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары жана ведомство башчылары министр Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан бошотууну талап кылышты.


Жыйынга министрдин орун басарлары Жапаркул Ташиев, Жалалидин Рахматуллаев, Улук-Бек Бектурганов  катышууда.

Алар өлкө башчысы Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып министрдин кызматтан бошотулушун суранды.


Алардын айтымында, министр тууралуу тараган маалыматтар бүтүндөй саламаттыкты сактоо тармагынын аброюна доо кетирет.

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Осмонова Кундузхан
МИНИСТР СОНУН ИШТЕП ЖАТАТ, ЖОЛТОО БОЛБОГУЛА! ӨЗҮҢӨРДҮ КЕТИРИШ КЕРЕК.
Адигине Исак
Министр иштеп жатат башка министрлер да ушул кишидей иштесе тез эле оңолуп кетмекпиз ушул орун басарлардын баары кетсин өз эрки менен, антпесе эл көтөрүлсө терисин тескери шылат☺️☺️☺️булар жакшы болсо эчак эле медицинаны эл үчүн иштеген болмок
Сейитбеков Абдибали
Бул да бир жакта өзүнчө популист болуп жүрөт. Эшегине жараша тушагы
Темирбаев Ыманкул
Орун басарлардын баарынын орду турмо. Себеби реформаны жактырбай мурункудай жеп тоногонду жактагандар.
Тукешова Турсунай
Мен министирди колдойм кооз суйлогондор эмнени кыйратты экен