Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Алымкадыр Бейшеналиевдин учурдагы абалы айтылды

25.07.2022 12:36
1779
Алымкадыр Бейшеналиевдин учурдагы абалы айтылды


Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков кызматтан алынган бөлүм башчы Алымкадыр Бейшеналиев өзүн кандай сезип жатканын айтып берди.


25-июлда мамлекеттик органдар 6 ай ичинде аткарылган иштер боюнча отчет берген маалымат жыйынында Касымбеков Бейшеналиев үй камагына чыгарылгандан кийин барып келгенин айтты. Анда Бейшеналиев дарыланып, реабилитациядан өтөөрүн айткан.


"Албетте, аман калуу үчүн. Ал чындап эле эл үчүн иштеген. Бирок, түрмөдөн эч ким сакталган эмес. Мен эмнени айтып жатканымды билем, анткени мен өзүм тергөөдө 7 жыл болгом. Ал акталып чыгат деп ишенем", - деди ал жөнүндө  министрдин м.а.


Ошол эле учурда Бейшеналиевдин милдеттенмелери улана берерин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн