Бугу 17, 2024
Убакыт: 18:19
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Алымкадыр Бейшеналиевдин жактоочусу аны кайра кызматына кайтаруу үчүн арыз жазууга ниеттенүүдө

27.06.2022 13:08
537
Алымкадыр Бейшеналиевдин жактоочусу аны кайра кызматына кайтаруу үчүн арыз жазууга ниеттенүүдө


Алымкадыр Бейшеналиевдин иши Башкы прокуратуранын карамагынан Ички иштер министрлигинин карамагына өттү. Ал өзү үй камагына чыгарылган. Муну буга чейин маалымат жыйынында сүйлөгөн юристтер менен активисттер суранышкан. Бейшеналиевдин СИЗОдон бошотулгандыгынан тышкары, кызматына кайра калыбына келтирүүнү суранышышкан. Азыр Жаркынбек Касымбеков Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилигине убактылуу дайындалган.


Адвокат Кайсын Абакиров “Азаттыкка” билдиргендей, тергөө аяктагандан кийин Алымкадыр Бейшеналиевди кайра министрликке кайтаруу маселеси көтөрүлөт. Жактоочу Kaktus.media сайтына Бейшеналиев иштен алынган эместигин, убактылуу бошотулганын билдирген.


Ал ошондой эле Бейшеналиевге карата сотко чейинки өндүрүш башталган жети эпизоддун бирөөсү боюнча гана — коронавируска каршы вакцина алып келгендиги үчүн айыпталганын айтты.


Эске салсак, Башкы прокуратура Бейшеналиевге июнь айынын башында кылмыш ишин козгогон. Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Бейшеналиевдин ортосунда чыр чыгып, ага байланыштуу президент Зулушевди тергөө маалында кызматтан алган. Бир канча убакыт мурун Бейшеналиев үй камагына бошотулуп, Зулушев өз кызматына кайтып келген.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
манас осмон
суранышпаса деле жумушуна кайтат.