Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 09:22
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Алынган кредит, гранттарга таштанды иргөөчү ишкана 30 жылдан бери курулбай келет

24.08.2021 16:41
2733
Алынган кредит, гранттарга таштанды иргөөчү ишкана 30 жылдан бери курулбай келет


Бүгүн мэрия түрк фирмасы менен Бишкектеги таштанды полигонунун аймагына таштандыларды кайра иштетүүчү ишкана куруу боюнча келишимге кол койду деп окуп калдым.


2011-жылы эле Европа Биримдиги жана Европа өнүктүрүү банкы таштанды заводу үчүн 22 млн евро бөлүп берген (ЕӨБдун кредити - 11 млн, ЕӨДүн гранты - 3 млн евро, ЕБнин гранты - 8 млн евро). Бирок, завод салынган жок. Оомийин болду.


2016-жылы Бишкекте заман талабына ылайык таштанды полигону, жанына таштандыларды сорттоочу завод салынарын шаардын мэри Албек Ибраимов билдирди деп бир кубандык эле . ТАШТАНДЫ ИРГӨӨЧҮ ИШКАНА КУРУЛАТ дегенден бери канча мэр кетти... Таштанды заводдун акчаларын кимдер жеди деген суроо туулат. Эмнеге 30 жылдан бери завод курулган жок?


Элнура Кулуева, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн