Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев УКМКнын тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Алиярбек Абжалиев доо койгон жаранга келтирилген зыянды төлөп берген. Мындан улам сот 11-мартта Абжалиевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөн.
Эске салсак, 11-февралда Алиярбек Абжалиев 1,2 миллион доллар алдамчылыкка шектелип кармалды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн