Мыйзамсыз баюуга шектелген Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев мамлекетке 20 миллион сом компенсация катары төлөдү. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, 27-июнда Абжалиев кыргыз-казак чек арасы аркылуу Кыргызстанга өткөн.
УКМК кызматкерлери аны дароо тергөө үчүн кармаган.
Эске салсак, 2020-жылдын март айында депутат мыйзамсыз баюуга шектелген. Бирок ал андан мурда өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн