Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 22:52
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Алматыда бошотулган 4 кыргыз жараны ошол жерде каларын билдиришкен

15.01.2022 16:08
489
Алматыда бошотулган 4 кыргыз жараны ошол жерде каларын билдиришкен

 Закир Юбуров, Адан Хуров, Ильяс Мачо жана Абду-Рахим Джиншанло абактан коё берилди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.


Бүгүн, 15-январь күнү Казакстан Республикасынын Алматы шаарында массалык баш аламандык учурунда кармалган төрт жарандарыбыз абактан кое берилди.


Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Башкы консулдугунун, ИИМдин Казакстандагы Өкүлчүлүгүнүн жана УКМКнын бирдиктүү күч-аракетинин натыйжасында кое берүү тууралуу макулдашууга жетишишкен.


Азыркы учурда Закир Юбуров, Адан Хуров, Ильяс Мачо жана Абду-Рахим Джиншанло Алматыдан өз үйлөрүнө кое берилди. Аталган Кыргызстандын жарандары көп жылдар бою Алматы шаарында эмгектенип, иштеп жүргөндүктөрү белгилүү болгон. Ушул себептен, алар Казакстандын аймагында калышаарын билдиришкен.


Өз кезегинде кыргызстандыктар Казакстан Республикасынын ИИМнин Казакстандагы Өкүлчүлүгү жана Казакстан Республикасынын Башкы консулдугу дарегине ыраазычылык сөздөрүн билдиришти. “Дүйнө кайдыгер эмес, сезимтал, ар дайым жардам жана колдоо көрсөтүүгө даяр адамдарга кармалып турат. Сиздердин жардам өтө баалуу жана эч качан унутулбайт” - деп белгилешти.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн