Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:55
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Алматыдагы башаламандыкта бир кыргыз жараны каза болду

10.01.2022 12:10
696
Алматыдагы башаламандыкта бир кыргыз жараны каза болду

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев Алматыдагы башаламандыктан бир кыргызстандык каза болгонун кабарлады. 

 

"Алматыда фитнес-машыктыруучу болуп иштеген бир кыргызстандык жаран каза тапты. Анын тек-жайын аныктоо, сөөгүн алып келүү боюнча элчиликтин кызматкерлери иштеп жатат", - деди ал. 

 

Элчи Дүйшекеевдин айтымында, Казакстандын күч түзүмдөрү соңку окуялардан Кыргызстандын канча жараны кармалганы тууралуу расмий маалымат бере элек. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын атуулдарына жардам берүү үчүн атайын ыкчам байланыш номурларын уюштурган. 


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн