Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары 6-октябрда саат 4:30да аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратынан чыгарып кетишти. Бул тууралуу анын тарапташтары билдиришти.
Ошондой эле, экс-премьер-министр Сапар Исаков менен саясатчы Равшан Жээнбековду дагы абактан чыгарышты.
Алмазбек Атамбаев Биринчи май райондук соту тарабынан Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна тиешеси бар делип, 11 жылга эркинен ажыратылган.
Сапар Исаков КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси боюнча ("Коррупция") күнөөлүү деп табылып, 18 жылга эркинен ажыратылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн