Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 00:09
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Алмазбек Атамбаевге киргизбей жатышат, - жактоочу Слесарев (видео)

30.06.2020 17:40
992
Алмазбек Атамбаевге киргизбей жатышат, - жактоочу Слесарев (видео)

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге жактоочуну киргизбей жатышат. Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев журналисттерге билдирди. 


Анын айтымында, ал А.Атамбаев менен бир нече жолу сүйлөшүүгө аракет кылган. Учурда ал клиникалык оорукананын имаратынын жанында турат жана жактоочунун ишине кийлигишүү  болуп жатканын айтты.


Буга байланыштуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон анын профессионалдык ишине тоскоолдук жаралып жаткандыгына байланыштуу сотко чейинки ндүрүш ишин ачууну өтүнөт. 


Буга чейин УКМКдан маалымдашкандай, Алмазбек Атамбаевден коронавируска карата ПЦР-анализ алынып, анын жыйынтыгында андан коронавирус аныкталган эмес. Ошол эле күнү дарыгерлердин консилиуму болуп, анын жыйынтыгында А.Атамбаевге "эки тараптуу пневмония" деген диагноз коюшкан. Анда А.Атамбаевди ооруканага жаткыруу чечими кабыл алынган. 





Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн