Бугу 15, 2024
Убакыт: 21:51
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Алтынбек Сулайманов Билим берүү министрлигин пионердик маараке боюнча айыптады

25.05.2022 11:11
324
Алтынбек Сулайманов Билим берүү министрлигин пионердик маараке боюнча айыптады

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов Билим берүү министрлигинин орто мектептерде пионер кыймылынын 100 жылдыгын белгилөө боюнча тапшырма бергенин айыптап чыкты.


"Эркин жана эгемен Кыргызстанга таандык, өнүгүүгө жана өсүүгө умтулган жаңы, заманбап улуттук идеологияны түптөп, даңазалагандын ордуна эскиге таандык, улуттук баалуулуктарды четке каккан, коомду артка тарткан коммунисттик түшүнүктүн пайдубалы болгон пионердик кыймылды жандантканга аракет кылган Билим берүү министрлигинин бул демилгесин толук айыптайм. Мен да учурунда пионер болгом, бирок ал мезгил өттү, азыр биз улуу муун жаш муундун башын айлантканды коюп, жаштарга заманбап, эркин, өнүккөн Кыргызстан курууга керектүү билимди берип, жолтоо болбогонду үйрөнүшүбүз керек. Жаңы технологиялар заманында, ааламдашуу доорунда артка кылчактап, караңгылыкка кадам таштабайлы",- деди Алтынбек Сулайманов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн