Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов 1000 даана L1 химиялык коргоочу костюмдарды өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровго тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам катары келген атайын коргоочу кийимдерди тапшыруу иш-чарасы Чүй облусундагы ӨКМдин куткаруучуларды даярдаган борбордо өткөн.
Маалыматка таянсак, буга чейин ӨКМ тарабынан миң коргоочу костюм тигилип, санитардык-карантиндик постто турган кызматкерлерге таркатылып берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн