Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Алтынбек Сулайманов алтын сертификат ээлерине планшет тапшырды

08.07.2022 12:42
627
Алтынбек Сулайманов алтын сертификат ээлерине планшет тапшырды


Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча облустар арасында Ысык-Көл облусу биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-июлда алтын сертификатка ээ болгон 5 бүтүрүүчүгө облус жетекчиси Алтынбек Сулайманов сыйлыктарды тапшырды.

Сулайманов бүтүрүүчүлөргө жеке өзүнүн атынан планшеттерди жана чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов тууралуу тарыхый-даректүү баян китебин тапшырып, келечек ээлерине ийгиликтерди каалады.

ЖРТдан жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр:

- Азамат Саламатов, 225 балл – Ысык-Көл районундагы Ананьево айылындагы К.Карасаев атындагы Ысык-Көл балдар лицейинин бүтүрүүчүсү;

- Алимбек Токтогазиев, 224 балл – Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү;

- Актилек Шекенов, 223 балл – Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Кут билим окуу-тарбия борборунун бүтүрүүчүсү;

- Төлөнбек Абдыбеков, 222 балл – Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Кут билим окуу-тарбия борборунун бүтүрүүчүсү;

- Жоомартмырза Маратов, 221 балл – Каракол шаарындагы К.Карасаев атындагы Ысык-Көл балдар лицейинин бүтүрүүчүсү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн