Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин негизинде, Сулайманов Алтынбек Турдубаевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн