Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 02:34
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Алтынбек Жумаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалды

31.05.2023 20:04
301
Алтынбек Жумаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалды


Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Жумаев Алтынбек Мусаевич Кыргызстандын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Жумаев төрт окуу жайын: Кыргыз улуттук университетин (1991), Кыргыз-Россия билим берүү академиясын (2004), Ош мамлекеттик университетин (2017), Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын (2021) аяктаган.


Маданият жана билим берүүнүн отличниги төш белгилери бар.


1998-жылдан УТРКда (Улуттук телерадиокорпорация) иштеген. 2005-2006-жылдары мамлекеттик аппараттын эксперти болгон. 2010-жылы "Канал D" ("7-канал") телекомпаниясын негиздеген.


Ал КР президенттигине талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо алдындагы үгүт иштерин жетектеген.


2021-жылдын ноябрь айынан декабрь айына чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болгон.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн