Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 09:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

“Альянс Алтын” ишканасы мамлекетке 10 айда 8.8 млрд сом которду

16.11.2022 09:01
921
“Альянс Алтын” ишканасы мамлекетке 10 айда 8.8 млрд сом которду

Ноябрь айына карата “Альянс Алтын” ишканасы республикалык жана жергиликтүү бюджетке 8 млрд 839 млн 345 миң 822 сом салык түрүндө которду.


Компаниядан билдиришкендей, анын ичинен өндүрүлгөн алтынды сатуудан түшкөн каражат 5 млрд 873 млн 291 миң 672 сом.


Ишкана Талас районунун жергиликтүү инфратүзүмдү сактоо жана өнүктүрүү үчүн сатыктан 615 млн 199 миң 751 сом төлөгөн, анын ичинен:


Талас облусун өнүктүрүү фонду – 307 млн 599 миң 875, 50 сом

Талас районунун өнүктүрүү фонду –184 млн 559 миң 925,30 сом

Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фонду – 123 млн 39 миң 950,20 сом.


“Альянс Алтын” ЖЧКсы Жерүй алтын кенин иштетүүгө жана Жерүй аймагындагы алтынды чалгындоого лицензияга ээ. Жерүйдү иштетүү үчүн Талас алтын кен комбинаты курулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн