Дүйнөдөгү электрондук коммерция боюнча эң ири платформалардын бири, америкалык Amazon компаниясы кыргызстандык өндүрүүчүлөр товарларын түз сатуусу үчүн аянтча бермей болду. Тактап айтканда, америкалык компания Борбор Азия өлкөлөрү үчүн мүмкүнчүлүктөрүн ачты.
Эми Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын өндүрүүчүлөрү Amazon сайтына түз катталып, товарларын дүйнө жүзүнө сунуштай алат. Мындай жаңылык компаниянын сайтындагы жаңылоолордон кийин пайда болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн