Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Англияда футболдук клубдар короновирустан улам токтогон бул сезонду башынан ойноого чакырды

27.03.2020 17:21
689
Англияда футболдук клубдар короновирустан улам токтогон бул сезонду башынан ойноого чакырды


Футбол боюнча Англия Премьер-лигасынын айрым командалары сезонду жокко чыгарып кайра башынан ойного чакырып жатат. Бул тууралуу беделдүү спорттук басылма The Athletic жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, бир нече команданын жетекчилери мелдешти токтотуп, коронавирус илдети токтогондон кийин башынан ойноп чыгууну сунуштап жатат. Алардын оюу боюнча беттештерди азыркы абалда ойного болбойт, ал эми, күйөрмандарсыз ойноо этикалык көз караш менен караганда туура келбейт.


Маалым болгондой, бул 2019-2020-жылдагы сезон үчүн соңку чечимди чыгаруу үчүн 14 команда бир ойго токтолусу керек. Буга чейинки отурумда командалар кандай жагдай болбосун сезонду бүтүрүш керек деген чечимге келген болчу.


Эске салсак, АПЛдин турнирдик тизмегин 1990-жылдан бери чемпион боло элек "Ливерпуль" жакынкы атааңдашы "Манчестер Ситини" 25 упай артта калтырып жетектеп келе жаткан.






Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн