Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы турак жайдын баасын жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктарды сурап министрлер кабинетине кат жолдоду. Бул тууралуу 11-мартта Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жеңалы Орозбаев билдирди.
Депутат Айжигит Тыналиев Бишкекте жеке курулуш компаниялары 1 чарчы метринин баасы 4 миң долларга чейинки турак жайларды куруп жатканын билдирди. Депутат Антимонополия турак жай жана курулуш компанияларынын кымбаттатылган баасына карата кандай чараларды көрүп жатканын сурады.
Мекеменин жетекчиси турак жайдын баасын эсептөө өтүнүчү менен прокуратурадан кат келгенин билдирди.
«Биз 1 чарчы метрди курууга кеткен материалдардын баасын эсептөөнүн үстүндө иштеп жатабыз. Жыйынтыктарды жакында кабарлайбыз. Ал эми курулуш долбоорлорун жөнгө салуу биздин функцияларда каралган эмес, мыйзамда да так жазылган эмес. Бул маселени иликтеп, себептерин таап, жыйынтыгын сиздерге жеткирүүнү пландап жатабыз. Бул тармакты мыйзам чегинде жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранып, министрлер кабинетине кат жолдогонбуз», - деди Орозбаев.
Маалымат үчүн: Бишкектеги батирлер, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, акыркы бир жылда 20,2%га кымбаттап, 2025-жылдын февралына карата 1 чарчы метри 103,5 миң сомду түзгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн