Мен мектепте окуп жүргөндө 9-классты аяктаганча бактылуу балалыкты баштан кечирдим. Бир үйдүн кичүүсү элем. Анда ата-энемдин көзү тирүү. Атам айылдагы өз чарбасы бар эмгекчил жан эле. Апам болсо соода-сатык иштери менен алектенчү. Ошол кезде союз жаңыдан ыдырап, класcташтарымдын көпчүлүгү кыйналып жашаганы билинип турчу. Үстүндө түзүгүрөөк кийимдери жок, улуу эжелеринин эскирип калган кийимдерин кийген класcташ кыздарым көп болчу. Мага болсо апам соода-сатык иштери менен ар бир шаарга барып келген сайын жаңы, баалуу кийимдерден ала келчү. Оозумдан эмне чыкса апам ошону аткарар эле. Сабактарымды да жалаң бешке окуп, мектептеги барктуу кыздардан элем. Ошол бактылуу күндөрдө жогорку окуу жайлардын биринде окуп жүргөн эжемди турмушка узаттык. Агам үйлөндү. Той артынан тойлор уланып, шаңдуу, бактылуу күндөр өтүп жатты. Жаңыдан келиндин чайын ичип, жүзү тамылжып, апам ичинен кубанып жүргөнү байкалып турчу. Көрсө, бул апамдын акыркы бактылуу күндөрү экен. “Дагы товар алып келем” деп шаарга аттанып жаткан апам баарыбыздын бетибиздин өөп, карааны алыстап баратты. Ошону менен кайтып келбеди. Жол кырсыгына учурап, ошол жерден дароо каза болуптур. Апамды жоготуу биз үчүн абдан оор болду. Биз менен коштошуп кетип бараткан карааны көз алдыман кетпейт. Кечээ эле үйүбүздүн куту болуп жаркылдап жүргөн апам бүгүн таптакыр арабызда жок. Өзгөчө атам экөөбүзгө кыйын болду. Атамдын эч кимге көрсөтпөй ыйлап отурганын көп көрө баштадым. Ага кошулуп алып мен да буркурап боздойм. Агам, жеңем, үйгө келип кеткен тууган-туушкандар бизге кайрат айтып, көңүлүбүздү көтөрүү менен убара.
Көп узабай тез эле ооруга чалдыгып, атам да кете берди. Андан бери отуз жылдан ашык убакыт артта калыптыр. Ар бир жаз, ар бир 8-март күнү апамды эстеп буркурап ыйлайм. Апамды жоготкон ала шалбырт жаз кээде мага ушунчалык муздак сезилет. Апасы барлар кандай бактылуусуңар! Апаңарды барктагыла!
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн