Апийим отоп, тилип, кырып, ал турсун уурдап, сатып калган муундун али көзү тирүү. Муну эч мүдүрүлбөй уюштуруп кетүүгө тажрыйбабыз толтура. Болгону агротехника менен коопсуздуктун заманбап ыкмалары менен жабдып коюшубуз керек. Мисалы, ар бир айылдан 15-20 га жерди тикенек зым менен жакшылап короолоп, тегерете чакыйтып жарыктандырып, жөргөлөп өткөн чычкан көрүнөөр видео байкоо коюп, аскерлештирилген кайтаруу уюштуруп, жыйналган апийимди инкассаторлук машина менен алып кеткендей кылып коюу керек. Видеобайоону интернетке кошуп койсо плантацияда даарат ушаткан кишиге чейин бүт дүйнө көрүп турат. Продукцияны болсо атайын келишим менен фармкомпанияларга гана сатабыз. Апийимдин баасы кандай чыгым кетирсек да эселеп жабат. Илгери бир фляга (50 кг) апийимдин баасы азыркы акча менен болжолдуу 50 миң АКШ доллары болчу. Азыр деле арзандап кетпесе керек. 15-20 га плантациядан күнүгө 1-2 флягадан апийим бир ай бою жыйналат. Жарым киреше мамлекетке кетип, жарымы айылда калса - мындан өтөөр өнүгүү болобу! Мындай кирешени дүйнөдөгү бир да ишкерлик бербейт. Буга эч кандай инвестициянын кереги жок. Ал турсун бул ишти уюштуруп жасоону жана каржылоону эч бир бизнесменди аралаштырбай, айылдыктардын өзүнө гана коюу керек. Мындай иш башталса бир дагы элеттик эмгегин да, акчасын, дегеле эч нерсесин аябайт. Себеби кетирген чыгымы эселеп кайта келээрин билет. Мына ушинтип, мисалы, Ысык-Көлдү жасалма эмес, табигый Дубайга айлантууга болот. Болгону мамлекет башчыларыбыз Колумбиянын президенти эли үчүн кайсы бир баңгизат алынчу өсүмдүктү БУУга чейин ызы-чуу салып коргогондой тик туруп бериши керек.
Бейшенбек Бекешов, журналист
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн