Бугу 21, 2024
Убакыт: 04:59
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Апрелде 6 млрд кубга түшүп калышы мүмкүн. "Улуттук энергохолдинг" электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

22.02.2022 14:15
639
Апрелде 6 млрд кубга түшүп калышы мүмкүн. "Улуттук энергохолдинг"  электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

"Улуттук энегохолдинг" мамлекеттик компаниясы Токтогул суу сактагычында сууунун көлөмү 8,4 миллиард метр кубга жеткенин, бул былтыр ушул маалга салыштырмалуу 1,5 миллиардга аз экенин билдирди. Ишкана мындан улам сууну үнөмдөө максатында, жарык берүү үзгүлтүккө учурабашы үчүн жарандарды электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.


Былтыр март айынын аягында Токтогулдагы суунун көлөмү 8 миллиард метр кубга чейин азайган. Энергетиктер ушул тушта керектөөлөр өскөнүн эске алганда кыштан кийин, тактап айтканда быйыл апрелге карата суунун көлөмү 6 миллиард метр кубга чейин азайышы мүмкүн экенин эскертишкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн