Ар бир кыргызстандык үчүн санарип ден соолук профили түзүлдү. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Аталган кызмат "Түндүк" тиркемеси аркылуу бардык жарандарга жеке медициналык маалыматка жетүүнү камсыз кылат. Алар төмөнкүлөр:
- сиз катталган алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюму;
- камсыздандыруу статусу;
- бейтапканалар жөнүндө маалыматтар;
- ооруканага жаткыруу боюнча маалыматтар;
- лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжалары;
- эмдөө боюнча маалыматтар.
"Үстүбүздөгү жылдын декабрь айында ата-энелерге жашы жете элек балдардын медициналык маалыматтарын алууга мүмкүнчүлүк берилген. Бул аларга балдарынын ден соолугуна кам көрүүгө активдүү катышууга шарт түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле сервиске эмдөөдөн жана белгилүү бир анализдерден өтүү керектиги тууралуу билдирүүлөрдү кошуу иштери жүрүп жатканы белгиленди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн