Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 02:13
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Ар бир соттун мүлктөрү жекече текшерүүгө алынышын колдойсузбу?

12.01.2021 11:53
815
Ар бир соттун мүлктөрү жекече текшерүүгө алынышын колдойсузбу?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комистетинин төрагалыгына Камчыбек Ташиев дайындалгандан бери коррупцияга каршы реалдуу күрөш башталгандай таасир калтырууда. Ал мурдагы төрагалардан айырмаланып, коомчулукка жакын болуп, жасалып жаткан иштер тууралуу маал-маалы менен журналисттер алдында маалымат берип келет. Өзгөчө анын сот системасындагы коррупцияга басым жасап жатканын коомчулук колдоого алууда.


Ачыгын айтыш керек, Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери карай өлкөбүздө сот тармагында иштегендер байбачадай эле жашап келишет. Алардын алган айлык акылары менен жашоо деңгээлдеринин айырмасы асман менен жердей болуп жатса да ушул күнгө чейин эч ким жетишээрлик көңүл бурбай келди. Кымбат машиналарды айдагандар ошолор, элиталык батирлерде же хансарайларда жашагандар да ошолор. Чет мамлекеттерге чейин үй-бүлөсүн алып сайрандап жүргөндөр да ошолор. Балдарын чет мамлекеттердеги престиждүү ЖОЖдордо окутуп жаткандар да ошолор. Мунун баары эч кимге жашыруун эмес. Ал соттордун тууган-уруктары жакындан билсе, коомчулук деле жакшы билет. Болгону бизде ал соттордон «Ушул мүлктөргө, байлыкка кантип ээ болдуң?» деп сураган бийлик болбой келди. Анда-санда гана пара алып жаткан жеринен кармалган соттор гана мыйзам алдында жооп берип калганы болбосо, кармалбай пара алгандар, же бийликте отурган таасирдүүлөр менен бөлүшө билгендер ай сайын эмес, күн сайын байып келишти.


Эми гана ошол соттор мыйзамсыз жолдор менен, паракорчулук менен тапкан байлыктарын кайда катаарын билбей, шашып калгандай абалда турат. Алар кимдир-бирөөнүн тагдырын талкалоо менен, адилеттүүлүктү адилетсиздикке тебелетүү менен, адамдардын көз жашы менен байып, май чайнап жашап келатышкандарын дагы деле түшүнүшпөйт. Дал ошондой соттордун айынан элдин бийликке болгон ишеними жоголгонун да түшүнгүлөрү келбейт. Арамдан тапкан акча менен балдарын тамактандырып жатканын да аңдашпайт.


Камчыбек Ташиев буга чейин берген маалымат жыйынында айрым соттордун кийген шубалары беш миң доллар, өтүктөрү 1000 доллар, минген машиналары 100 миң доллар тураарын айткан. Ал эми декларацияларында «Хрущевка» батири, «Газ-51» маркасындагы эски машиналар гана көрсөтүлгөнүн белгилеген. Бир соттун борбор калаада 20дан ашык батири бар экенин да билдирген. Анан дагы бир сот үй-бүлөсүн алып, жакында эле Дубайга эс алганы кетип калганын айтып, «Алар 15-20 миң доллар акча коротот экен, каражатты кайдан алышат?» деген суроону кабыргасынан койгон.


УКМК жакында эле Жогорку соттун дагы бир судьясынын эсепсиз байлыктарын ачыкка чыгарды. Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы Б. Д.С. декларациясынан көптөгөн менчик кыймылсыз мүлктөрүн жашырып келген. Анын ичинде алдыңкы курулуш компанияларынын үйлөрүнөн 20дан ашуун батири, Ысык-Көлдөгү алдыңкы пансионаттарды кыймылсыз мүлктөрдү жана кымбат машиналарды жашырып келген экен. Ошондой эле Дубай, АКШ, Түркия сыяктуу мамлекеттерге тез-тез каттап, эс алууларды уюштуруп, ири чыгымдарды жасап келген. Жогорку соттун судьясынын айлык акысына чет өлкөлөп шапар тебүүгө, 20дан ашык батир, пансионаттарды, кымбат машиналарды сатып алууга мүмкүнбү? Албетте, мүмкүн эмес.


Демек, бул жагдай Кыргызстандагы бардык соттордун кыймылсыз мүлктөрүн текшерүүгө алуу зарылчылыгы туулганынан кабар берет. Кыргызстандагы соттордун дээрлик 90%ы паракор экенинен эч ким күмөн санабайт. Райондук соттордун судьялары дагы кымбат машиналарда, элиталык батирлерде жашайт. Бирок, өздөрүнө эч кандай батирди да, машинаны да каттатпагандары бар. Катар-катар батирлери турса да, «Менин жеке менчик үйүм жок» деген шылтоо менен мамлекеттин эсебинен айына батир акысы үчүн деп акча алып келаткандары да бар. Муну УКМК жакшылап иликтесе, оңой эле табат.


Баса, сот системасындагы коррупцияны тереңден иликтөө үчүн азыркы тапта иштеп жаткан гана соттордун мүлктөрүн иликтөө аздык кылат. Буга чейин сот системасында иштеп, акыркы 5-6 жылдан бери иштебей калгандардын да мүлктөрүн иликтөө зарыл. Себеби, алар коррупциянын арты менен байып алып, анан эми «Мен азыр сот системасында жокмун» деп өздөрүн таза көргөзүп, четке чыга калгандары болбойт. Учурда иштеп жаткан ар бир соттун жана иштебей калганына 5-6 жылга чейинки убакыт болгондордун ар биринин мүлктөрүн текшерүү зарыл. Мыйзамсыз байыгандары далилденгендердин мүлктөрүн кайра мамлекетке кайтарып алуу керек. Ошондо гана сот системасы оңолот. Бул тармакка акыйкаттыкты, адилеттикти туу туткандар, өз кесибин сүйгөндөр, мамлекетте адилет сот системасын орнотууну максат кылгандар гана калат. Ал эми кызматтык абалын жеке байып алуусуна пайдаланууну гана максат кылгандар өздөрү эле алыстайт. Андыктан ар бир кыргызстандык жаран бүгүнкү бийлик ар бир соттун мүлктөрүн жекече текшерүүгө алуусуна кызыкдар болушу керек.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн