Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 08:16
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Араван районунда 9 ирригациялык скважина калыбына келтирилди

12.07.2024 13:11
425
Араван районунда 9 ирригациялык скважина калыбына келтирилди


Араван районундагы Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн аймагында 9 ирригациялык скважина жаңыртылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Союз учурунда аталган аймакта 80ден ашуун скважина бар болсо, бүгүнкү күндө алардын 41-42си гана иштеп жатат.

2022-жылы КР министрлер кабинетинин ирригация үчүн иштебеген скважиналарды калыбына келтирүү жөнүндө токтомуна ылайык, 30дан ашуун скважинаны калыбына келтирүү каралып, алардын 20сы Ош облусунда жайгашкан. Ал эми Араван районунда 10 скважинаны калыбына келтирүү мерчемделген. Анын ичинен бүгүнкү күндө Төө-Моюн аймагында — 5, Араван районунун Жогорку зонасында — 4 скважина калыбына келтирилди.

Белгилей кетсек, скважиналарды калыбына келтирүү республикалык бюджет жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн