Араван районунда кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Араван районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча регионалдык башкармалыгында мыйзамсыз аракеттер аныкталган. Атап айтканда, башкармалыктын башчысы С.Э. жана башкы инспектору М.К. 2025-жылдын 4-октябрында текшерүүгө уруксат кагаздары жок Араван районундагы соода түйүндөрүн жана эт сатуу жайларын негизсиз текшеришип, "мыйзам бузуу аныкталды" деген шылтоо менен ишкерлерден акча каражаттарын талап кылышкандыгы такталган.
Бул фактылар боюнча Араван райондук прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн