Чын курандын 15, 2025
Убакыт: 12:19
USD
87.40
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.035
1.085

Араванда 2 жаштагы эгиз кыздарын сабаган келин кармалды

08.11.2023 15:27
868
Араванда 2 жаштагы эгиз кыздарын сабаган келин кармалды


Араван районунда эгиз наристелерин сабаган 21 жаштагы келин кармалганын Ош облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.


Буга чейин интернетте аялдын эки кичинекей кызды сабаган видеосу тарап, муну көргөндөр келинди жазалоо керектигин жазышкан. Окуя 6-ноябрь күнү милициянын журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Натыйжада 21 жаштагы Д.С. аттуу келин кармалган.


"Тергөөдө Д.С. видеодо уруп жаткан наристелер өзүнүн 2 жаштагы эгиз кыздары экенин, сийип койгону үчүн аларга кол көтөргөнүн айткан. Мындан улам ага Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Уруп-сабап кыйноо") боюнча иш козголуп, шектүү камакка алынды", — деп жазылат маалыматта.


Учурда экспертиза дайындалып, тиешелүү мамлекеттик социалдык мекемелер иш алып барып жатканы, бөбөктөр Араван райондук ооруканасында экени кошумчаланды.


Айрым ЖМКлардын маалыматы боюнча, келин эгиз кыздарын биринчи күйөөсүнөн төрөгөнүн айткан. Азыркы тапта ал экинчи күйөөсү менен жашайт. Окуядан кийин балдардын өз атасы чет өлкөдөн келип (иштеп жүргөн), наристелерин ооруканада карап жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн