Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Араванда аскерге чакырылган баланы альтернативдик чакырууга калтыруу үчүн 37 миң алган Аскер комиссариатынын кызматкери кармалды

15.04.2022 19:20
1149
Араванда аскерге чакырылган баланы альтернативдик чакырууга калтыруу үчүн 37 миң алган Аскер комиссариатынын кызматкери кармалды

Араван райондук Аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө акча талап кылгандыгы үчүн Араван райондук Аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы «Э.Э.» кармалды.


Кармалган кызматкер «Н.А.» аттуу жарандын «А.М.» аттуу уулун альтернативдик кызматка чакырылышы үчүн документтерди тариздөөгө 37 000 сом акча каражатын талап кылганы аныкталган.


Аталган акча каражатынын бир бөлүгүн алгандан кийин Араван райондук Аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы «Э.Э. » кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 159-беренесине ылайык андан аркы тергөө амалдарын уюштуруу максатында Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн