Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 05:10
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Араванда дайынсыз болуп жаткан адамдын өлүмүнө шектелип 3 адам кармалды

30.11.2021 16:46
535
Араванда дайынсыз болуп жаткан адамдын өлүмүнө шектелип 3 адам кармалды

Араван районунда дайынсыз болуп изделип жаткан жаран киши колдуу каза болгон. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 27-ноябрь күнү маркумдун баласы 22 жаштагы Ю.Ж. Араван РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу атасы 2021-жылдын 20-ноябрь күнү Россияга барам деп чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгонун билдирип, арыз менен кайрылган.


Араван райондук милиция кызматкерлери тарабынан аталган факты боюнча ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө изделип жаткан жаран 1969-жылы туулган Ю.К. киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгү аныкталып, кылмышка шектүү катары ушул эле райондун тургундары 34 жаштагы А.Б., 28 жаштагы Ш.О. жана 27 жаштагы Р.Ф. аттуу жарандар кармалып, тергөө башталган.


Аталган факт Араван РИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Жазык кодексинин 130-беренесинде ("Киши өлтүрүү") каралган кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Тергөөнүн жүрүшүндө адам өмүрүн алган бул окуяга маркум менен кылмышка шектүүлөрдүн ортосунда аласа-бересе себеп болгону аныкталды.


Белгиленгендей, учурда кылмышка шектүү жарандардын башка кылмышка катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн