Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 17:35
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Аравандагы массалык мушташ боюнча 5 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди

24.09.2020 15:58
983
Аравандагы массалык мушташ боюнча 5 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди


Араван районунда партиялардын үгүт иштери учурундагы массалык мушташ боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Бул туралуу 24-сетябрдагы брифингде ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди. 


Анын  айтымында, мушташ учурунда 9 адам жабыркаган. 


"Текшерүүнүн негизинде 6 адам шектелүүдө, алардын ичинен 5 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген, 1 адам ооруканада", - деди Каниметов. 


Министрдин орун басары шектүүлөр кайсыл партияга тийиштүү экендиги аныкталууда. 


Буга чейин маалымдалгандай, Араван районунда 20-сентябрда эки саясий партиянын үгүтчүлөрү ортосунда массалык мушташ чыккан. Чырдын кесепетинен 12 адам ооруканага түшүп, 5 автоунаа талкаланган.





Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн