Премьер-министр Улукбек Мариповдун Ош облусуна болгон иш сапарында Араван районунун тургундары үйлөрдүн арасында топтолуп жаткан таштанды жыйналбай жатканын айтышып, нааразылык билдирген. Марипов ошол жерде Араван районунун акимине сөгүш берип, таштандыны тазалоону тапшырган.
Бүгүн Мариповдун Фейсбук баракчасында таштандынын тазаланган видеосу жарыяланды.
Анда Араван "Тазалык" мекемеси түнү менен таштандыны тазалаганын, эми мындай ишке жол берилбешин белгилеген.
Пикирлер (1)