Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Аркасында колдогон эли бар. Таласта депутаттар ЖКнын төрагасын сындаганды токтотууга чакырды (видео)

10.06.2020 11:55
3594
Аркасында колдогон эли бар. Таласта депутаттар ЖКнын төрагасын сындаганды токтотууга чакырды (видео)

 

Кече, 9-июнь күнү Таласта Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго айтылган сын-пикирлерди токтотуу өтүнүчү менен маалымат жыйын өттү. Бул тууралуу Турмуш басылмасы жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, жыйынга Өзгөрүш айыл аймагынын депутаты Токтобай Бечелов, активист Кеңешбек Калматов, Миң-Булак айыл аймагынын депутаты Тахир Койчубаев катышкан.


“Ушул тапта Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун үстүнөн көп сын-пикирлер болуп жатат. Интернетте, социалдык тармактарда дарегине карата буйрутма сындар көбөйдү. Фейк баракча менен бекинип алып, ар нерсени жаза беришет. Силер сын айткыңар келсе өзүңөрдүн атыңардан чыгып айткыла. Биз дагы ким жумуш кылды, ким иштеп, кимдин жардамы тийип келе жатат жооп бергенге даярбыз.

Биздин бүгүн маалымат жыйынга чыкканыбыздын себеби, анын аркасында колдогон эли бар экенин айткыбыз келди. Мындай кыйын жагдайда кыргыз элине, анын ичинен Талас элине көптөгөн жардам берип жатат. Ал нерсеге баарыбыз эле күбөбүз. Тонналаган ундар, азык-түлүк, жардамдар келип жатат. Иштеп жаткан ишине сын койбой, тескерисинче колдоп, жардам берсек болмок
, - дешкен алар.


Пикирлер (6)

Коопсуздук коду
Нуржан
Дастан болобу башкасы болобу терен ойлонуп колойук Мен Дастан артисбекович корунуктуу колдоосун коро да уга да елекмин билгендер жазгыла
Арстан
Аны эч ким сындаган жок, болгону тупойлугун эле айтып жатпайбызбы.
таластык
уялбай кантип чыктынар акелер. силерди ким чыгарганы белгилуу болуп турбайбы - моколонун буйрутмасы. беткапчан бетпактар болуп калыпсынар.
бишкек
чала сабат, полу черный полу красный спикер. билими ото тайкы. аны сындабаш керек - аны жогорку кенешке такыр жолотпош керек. эн окунучтуусу билиминин томондугун озу билбейм.
Дыйканбай
Өзгөрүш, Миң-булак аймагына завхоз кылып алгыла ун, азык-тулукту көбүрөөк аласыңар.