Бугу 12, 2024
Убакыт: 01:58
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Армениянын чабуулунан Азербайжандын генералы көз жумду

14.07.2020 16:25
1274
Армениянын чабуулунан Азербайжандын генералы көз жумду


Армениянын аскерлери тарабынан чыгарылган октон Азербайжандын эки офицери жана жергиликтүү тургун каза болду. Бул тууралуу Риа новости жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, июлдун 13нөн 14түнө караган түнү Товуз районунда куралдуу кагылышуу уланган. Генерал-майор Полад Гашимов жана полковник Ильгар Мирзаев каза болгон. Ошондой эле Товуз районунун Агдам айылында 1944-жылы туулган (76 жаш) Азиз Иззет оглу көз жумган.


“Армениянын чабуулунун натыйжасында жергиликтүү тургундар каза болду, экономика, мүлктөр жана инфраструктуралар кыйроого учрады. Эл аралык коомчулук  жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму тез арада көңүл буруп, Армениянын аскерлеринин  Азербайжандын жай тургундары жашаган аймактарына кол салуусуна чара көрүлөрү керек”, - деген Азербайжандын өкмөтү.


Ал эми Армениянын коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шушан Степанян Азербайжандын аскер дрондордун чабуулунан Берд айылынын жарандык инфраструктуралар жабыркаганын, жарандардын ичинде жабыркагандар жок экенин билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн