Бүгүн, 1-февралда Армения парламенти президент Армен Саркисяндын отставкага кетүү арызын канааттандырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Мындан улам өлкөнүн Конституциясына ылайык президенттик милдетти парламенттин төрагасы аткарууга тийиш.
Парламент төрагасы Ален Симонян бүгүн Армениянын спикери жана президенттин милдетин аткара баштайт.
Ал жаңы президент шайланганга чейин эки кызматты аркалайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн