Бугу 14, 2025
Убакыт: 03:55
USD
87.30
87.80
EUR
96.80
97.80
RUB
1.060
1.100

Кичинекей Аруузат эң кымбат болгон «Золгенсма» дарысын алды

23.08.2022 10:08
488
Кичинекей Аруузат эң кымбат болгон «Золгенсма» дарысын алды

22-августта генетикалык жүлүн булчуңдарынын атрофиясы диагнозу менен жабыркап, дүйнөдөгү эң кымбат дарыга муктаж болгон Аруузат Ташматова көксөгөн дарысын алды. Бул тууралуу Аруузаттын апасы социалдык тармактагы баракчасына жазды.


"Ооба. Акыры бүттү. Аруузат көптөн күткөн Золгенсма дарысын алды. Дагы деле ишене албай, колдорум титиреп күттүк. Ушул күнгө жеткенибизге Жаратканга миң мертебе шүгүр. Кызыбыздын өмүрүн сактап калганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бизге азыр оюбузду айтуу кыйын, акырындан баарын сөзсүз айтабыз", - деп жазды Аруузаттын апасы.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн