Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 02:31
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Арзыбек Кожошев жаңы Салык кодексине каршы митингге чыккандарга мыйзамды артка кайтаруунун кереги жок экенин билдирди

27.12.2021 16:32
2293
Арзыбек Кожошев жаңы Салык кодексине каршы митингге чыккандарга мыйзамды артка кайтаруунун кереги жок экенин билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев контролдук-кассалык аппараттарды милдеттүү пайдаланууга каршы митингге чыккан ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Арзыбек Кожошев жарандардын сунуш-пикирин угуп, өлкөнүн фискалдык саясатында жаңы кадамдарды киргизүүнүн маанилүүлүгү тууралуу айтты.


Жарандар ага мамлекет башчынын атына жазылган кайрылууну тапшырды.


Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, кайрылууну карап чыгуу жыйынтыгы боюнча, Экономика жана коммерция министрлигинде ишкерлер менен жолугушуу өтүп, анда аларды тынчсыздандырган бардык маселелер боюнча талкуу өтөт.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн