Учтун айы 15, 2025
Убакыт: 05:42
USD
87.30
87.80
EUR
89.50
90.50
RUB
0.845
0.880

Асан Жанышов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

03.09.2024 10:42
1213
Асан Жанышов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты


Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов 20 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Ал турнирге 87 кг чейинки салмак категориясында катышууда. Балбан алгачкы беттеште Грузиялык Ачико Боквадзени 11:3, чейрек финалда швециялык Хамза Сертканлини 7:3, ал эми жарым финалда румыниялык Патрик Горданды 8:0 эсебинде жеңген.

Эми ал алтын медаль үчүн күрөштө азербайжандык Жоджу Самадовго кез келет.

Финалдык беттештер бүгүн Бишкек убактысы боюнча 22:00дө башталат.

Эскерте кетсек, U-20 дүйнө чемпионаты 4-7-сентябрь күндөрү Испаниянын Понтеведра шаарында өтүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн