Бугу 16, 2024
Убакыт: 04:50
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ашуулардагы абал кандай? Транспорт министрлигинин маалыматы

24.11.2023 11:15
261
Ашуулардагы абал кандай? Транспорт министрлигинин маалыматы


Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы бийик тоолуу ашуулардагы абал тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, жол ачык. Буга чейин Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө саат 09:30да алынды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат:

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун ашууларында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировканын Чапчыма ашуусунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Чар, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары менен Өтмөк, Ала-Бел жана Төө-Ашууда жол ачык, каттам бар.

Ал эми Каракол-Эңилчек жолунун Чоң-Ашуу жана Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда бороон болууда, каттам бар.

Белгилей кетсек, чынжыры жок жана жайкы дөңгөлөк менен чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуу менен жасалма тыгын жана авариялык абал жаратууда.

Мындан улам Транспорт министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн