Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев журналисттерге эмне үчүн Кыргызстанга кайтып келгенин айтты.
Анын айтымында, ал Кумтөр иши боюнча тергөөдө өзүнүн билген маселесин айтып, жардам берүү үчүн келген.
"Мен Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдирем. Ал мага мекениме кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Эми мен да Кумтөр иши боюнча бардык билген маселемди айтып тергөөгө жардам берем",- деди Акаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн