Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 00:33
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Аскар Акаев Садыр Жапаровдун ырайымына, айкөлдүгүнө ээ болду

02.08.2021 21:47
496
Аскар Акаев Садыр Жапаровдун ырайымына, айкөлдүгүнө ээ болду


Тагдырдын тартуусун караңыз. 2005-жылдын мартында азыркы президент Садыр Жапаров бир катар депутаттар менен бирге Москвага барып, Аскар Акаевдин өз каалоосу менен кызматтан баш тарткан арызын алып келүүгө катышкан эле. Бүгүн минтип Садыр Жапаровдун айкөлдүгү аркасында мекенине келип, Кумтөр иши боюнча тергөө менен кызматташа баштады. Муну менен өлкө башчысы аз күн мурда «Мен убактымды куугунтукка эмес, өнүгүүгө жана бүткүл кыргыздарды бириктирүүгө, чогултууга жумшашым керек!» деп жазганын аткарды. Бул жагынан Садыр Жапаровдун айкөлдүгүнө, эрктүүлүгүнө жана чечкиндүүлүгүнө баа берсек болот. Аскар Акаев буга чейин деле Кыргызстанга келип, тергөө амалдары менен кызматташууга, сагынган мекенин көрүүгө каалоосун билдирип келген. Бирок агездеги президенттердин баары Акаевдин келүүсүнөн негедир кооптонушкан, чочулашкан. Бүгүнкү президент эч нерседен чочулаган жок, батыл кадамга бара алды.


Садыр Жапаровдун мындай жүрүшүн жактырбагандар, туура эмес көргөндөр четтен чыгары турган иш. Бирок бүгүнкү күндө А.Акаевдин Кыргызстанга келүүсүнө анын жеке душмандары эле каршы чыгышпаса, көпчүлүк анын келишине каршы эместигин бөркүбүздөй көрөлү. Кийинки муундагыларды болсо Акаевдин келгендиги же кеткендиги кызыктырбайт деле, аларга ысыгы да, суугу да жок.


Президент Садыр Жапаровдун айкөлдүгүнө, ырайымына ээ болгон туңгуч президент эми жалпы кыргыз элинин ырайымына ээ болгусу келсе, тергөө органдары менен кызматташып эле тим болбостон, маалымат каражаттары аркылуу эл алдына чыгып, кемчиликтерин, жаңылыштыктарын мойнуна алып, кечирим сурап койсо, андан жакшы болмок.


Кыргызстанда биротоло калып, калган өмүрүн ушул жерде өткөрүүгө моралдык укук алмак. Бирок ага анын эрки, духу жетеби?


Булак: sayasat.kg

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн